Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин деканы болуп дайындалган проф. д-р Серкан Йылдырым 2026-жылдын 26-октябрынан тартып өз милдетин аткарууга киришти.
Кызмат алмашууга байланыштуу проф. д-р Серкан Йылдырым Ветеринария факультетине кошкон салымы, жетишкен ийгиликтери жана ак ниет эмгеги үчүн мурдагы декан проф. д-р Исмаил Шенге ыраазычылык билдирип, ага эстелик такта тапшырды.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультети катары проф. д-р Исмаил Шенге ушул убакка чейин аткарган баалуу иштери жана факультетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле проф. д-р Серкан Йылдырымга жаңы кызматында ийгиликтерди каалайбыз.
