2022-03-11

Окуучубуздун ийгилиги.


Билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институту (ИСИТО) 2022-жылдын 28-февралында Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарындагы ЖОЖдор аралык “Сабаттуу жазуу – заманбап жашоонун талабы” аттуу мамлекеттик тилде жат жазуу боюнча чемпионат уюштурду. Жалпысынан чемпионатта Бишкек шаарындагы 14 жогорку окуу жайда билим алган 28 студент ат салышты.

Аталган чемпионатка Кыргыз-Түрк “Манас” Университети Ветеринардык Факультеттинин 1-курсунун студенти Элдияр Асылбеков 1-орунду алды.

Университетибиздин атынан жарышка катышкан жана баш байге алган студентибизге жана ошондой эле Чет Тилдер Жогорку Мектебинин Чет тилдер бөлүмүнө караштуу Кыргыз тили координаторлугунун ага окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Мира Ибраева эжейибизди куттуктайбыз.