2022-12-28

Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина факультетинин 2-курсунун студенттерине профессор Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ тарабынан “Карында тоют эритүү/сиңирүү” темасында сабак берилди.


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультетинин жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина факультетинин ортосундагы кызматташуу протоколунун алкагында 2022-жылдын 14-декабрында К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина факультетинин 2-курсунун студенттерине профессор Аскарбек ТҮЛӨБАЕВ тарабынан “Карында тоют эритүү/сиңирүү” темасында дерс берилди. Иш-чараны уюштурууга К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Ветеринардык медицина факультетинин деканы, профессор Ырысбек БЕГАЛИЕВ жана улук окутуучу Айнура ТУРДУБАЕВА демилгечи болушту. Дерс студенттер тарабынан чоң кызыгуу жаратып, суроо-жооптор менен коштолду. Профессор Ырысбек БЕГАЛИЕВ конок профессорго ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралардын дагы улантылышына тилектеш экенин билдирди.