2020-05-18


ВЕТЕРИНАРИЯ КЛИНИКАСЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ


Чүй аймагынын Ысык-Ата районунда Киргшёлк айылында орун алган Турсунов атындагы Агроэкономикалык колледжде Ветеринария бөлүмүндө билим алган студенттер жана мугалимдер Ветеринария факультетинин клиникасы менен таанышуу максатында  (14,17 жана 23 - октябрь) келип кетишти. Жолугууда факультетибиздин жамааты тарабынан университетибизди тааныштыруу жана клиниканын түзүлүшү, иштөөсү, диагноз жана даарылоодо колдонулган аппарат жана жабдыктар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле студенттер клиникабызда жүрүп жаткан стерилизациялоо жана сүт бези залалдуу шишикти алуу операциясына катышты. Студенттердин кызыккан суроолору да жооп берилди.