2020-05-18


ЖАЙЫТ ПРОЕКТИСИ ЧОГУЛУШУ


«Кыргыз жайыты» ассоциациясы тарабынан 2019-жылдын 15-18 август айында Чолпон Ата шаарында «Элдик салттуу билимдин негизинде жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу аларды жакшыртуу жана жакырланган чөлкөмдөрдү калыбына келтирүү» аталышында семинар өткөрүлдү. Семинарга Кыргыз Түрк «Манас» университетинин ветеринария факултетинин профессорлору Ысмайыл Шен, Абузер Таш жана Салыков Руслан катышышты. Профессор  Салыков Руслан «Элдик салттуу ыкмаларды колдонуу менен жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу» аталыштагы  презентациясын катышуучуларга сунуштады. Профессорлор Ысмайыл Шен менен Абузер Таш Туркия өлкөсүнүн жайыттарынын жалпы абалы жана аларды сарамжалдуу пайдалануунун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеӊири баяндап беришти.