2020-05-21


САЛТТУУ АК ХАЛАТ КИЙГИЗҮҮ АЗЕМИ


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринария факультети тарабындан ак халат кийнизүү аземи Касым Тыныстанов конферанс залында 2019 жылынын 31-октябрьнда өттү. Бул жыл онунчу болуп уюштурулган ак халат кийнизүү аземине ректорубуз проф.,др. Себахаттин Балжы, ректордун орун басары проф., Асылбек Кулмырзаев, Кыргыз Республикасынын фитосанитардык коопсуздук боюнча испекциясынын адиси Мира Искенбаева, айыл-чарба министрлигинин өкүлү Жылдыз Орозбаев, Скрябина атындагы айыл-чарба университетинини ветеринария факультетинин деканы проф., др. Бекболсун Акназаров жана мугалимдер проф., др. Рысбек Бегалиев, доц.,др. Замира Садыбакасова , доц., Сүйүн Абдыкадырова, Ветеринария платасынын мүдүрү Кубатбек Маматкулов, академиялык кызматкерлер, студенттердин ата-энелери жана студенттер катышты.

Эки мамлекеттин гимндерин аркасындан унверситетибиздин жана факультетибизди танытуу фильм көрсөтүлүү менен башталып ачылыш сөз менен уланды.

Биринчи курстун студенттерине кесиптик халат кийгизүү, студенттер жана ата-энелер атындан сөздөрдөн киийин жана концерттин артындан эскерүү фотографиялар тартылып ак халат кийгизүү аземи аяктады. Аземдин аягында ветеринария факультетинин бакчасында конокторго салттуу түрдө тамак берилди.