Ветеринария факультетинин XV Салттуу кесиптик ак халат кийгизүү аземи


  • 2024-05-04

2024-жылдын 30-апрель күнү “Манас” университетинин конгресс жана маданият борборунда ветеринария факультетинин 1-курсунун студенттерине XV Салттуу кесиптик ак халат кийгизүү аземи болуп өттү.

Салтанаттуу аземге “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан баш болгон окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана алардын кубанычына ортоктош болуу үчүн келген ата-энелер да катышты.

15-жолу өткөрүлүп жаткан салттуу кесиптик ак халат кийгизүү аземи жаратылышка жана жаныбарлардын жашоосуна билгичтик менен кам көргөн жогорку квалификациялуу ветеринарларды даярдоо жана окутуу миссиясы боюнча иш алып барган ветеринария факультетинин таанытуу тасмасын көрсөтүү менен башталды.

Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн ректор, профессор Алпаслан Жейлан ветеринария факультети ийгиликтүү иш алып барып жатканын айтып, үзүрлүү эмгеги үчүн факультеттин профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдирди. “Ветеринария факультетинин дагы бир максаты-Түркиянын да эң мыкты ветеринария факультеттеринин катарын толуктоо,” -деген ректор, профессор Жейлан бал өндүрүү боюнча иштер улантылып жатканын айтып, университетибизде бал өндүрүү үчүн лаборатория куруу керектигин билдирди. Кесиптик ак халаттар абдан баалуу экенин баса белгилеген ректор, профессор Жейлан 1-курстун студенттерин куттуктап, аларга ийгилик каалап сөзүн жыйынтыктады.

Ветеринария факультетинин деканы, профессор Исмаил Шен студенттерге кайрылып, буларга токтолду: “Бүгүн ак халатты кийүү менен тандап алган кесибиңиздерге алгачкы кадам таштап жатасыздар. 5 жыл бул форма менен кесиптик антты айтып баарыңыздар ветеринар адиси болосуздар. Эч качан халаттарды кесиптик максатта булгабаңыздар! Дарыгер канчалык таланттуу болбосун, эгерде ал кесиптештери жана үй жаныбарларынын ээлери менен ишенимди орното албаса, анда алган билими менен ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жок.” Сөзүн студенттерге ийгилик каалап жыйынтыктаган профессор Шен келечекте ийгиликтүү адис болушат деген ишеничин билдирди.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин 1-курстун студенттерине кесиптик халаттарын кийгизүү үчүн ветеринария факультетинин профессордук-окутуучулук курамы дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда сахнадан орун алышты.

1-курстун студенттеринин атынан Алтынай Урмат кызы жана Фатмагүл Бүке сөз сүйлөшүп, кесиптик ак халат кийүү менен ветеринар адиси катары жаратылышка жана жаныбарлардын саламаттыгына кам көрүү жоопкерчилигин сезип, толкунданып жатышканын билдиришти. Студенттер колдоосун аябаган ата-энелерине жана мыкты билим берген факультеттин жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Студенттердин бул кубанычтуу күнүнө күбө болгон ата-энелер КТМУнун жетекчилигине, профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдиришип, студенттерге албан-албан ийгиликтерди каалашты.

Аземде ветеринария факультетинин студенттери тарабынан даярдалган атайын концерттик программа тартууланып, иш-чара шаңдуу маанайда соңуна чыкты.

 

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6jiLvKtoaf/

https://www.instagram.com/manasuniv/p/C6lP-bAtbSx/

Instagram:

https://www.instagram.com/reel/C6Y-0t9NrK4

    Социалдык медиада бөлүшүү