Орхун алмашуу программасынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн окумуштуулары КТМУда жолугушту


  • 2026-09-22

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) Орхун алмашуу программасынын алкагында ар кайсы университеттерден келген окумуштууларды кабыл алууда. Программанын алкагында КТМУга келген окумуштуулар үчүн уюштурулган таанышуу жолугушуусу илимий байланышты чыңдоо, академиялык тажрыйба алмашуу жана Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин ортосунда жаңы кызматташтыктарды өнүктүрүү жаатындагы маанилүү жолугушууга айланды.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана Тышкы байланыштар бюросунун координатору, профессор Серкан Йылдырым окумуштуулар менен жолугушкан иш-чарада КТМУнун билим берүү жана илимий изилдөө багытындагы мамилеси, академиялык иш алып баруу маданияты жана студентке багытталган университет модели тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле окумуштуулардын программа учурунда аткара ала турган иштери жана  академиялык байланыштар боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.

«КТМУда өсүүнү сан менен эмес, билим берүү жана изилдөөдөгү сапат менен ченейбиз»

Мейман академиктерге КТМУнун уюштуруу түзүмү жана академиялык багыты тууралуу маалымат берген ректор, профессор Алпаслан Жейлан 6500гө жакын студенти бар университеттин башкы артыкчылыгы студенттердин санын көбөйтүү эмес, билим берүү, изилдөө жана академиялык кызматтарда сапатты үзгүлтүксүз жогорулатуу болуп саналаарын белгиледи.

Университеттин күчтүү тараптарынын бири студенттер, академиктер жана административдик кызматкерлер ортосунда түзүлгөн тыгыз байланыш экенин билдирген Жейлан академиялык ийгилик сапаттуу билим берүү жана изилдөө чөйрөсү менен бирге күчтүү университет маданияты аркылуу өнүгөрүнө көңүл бурду.

Жейлан Орхон алмашуу программасынын алкагында КТМУга келген академиктердин да бул маданияттын бир бөлүгү болушуна маани беришерин айтып, окумуштуулардын башка академиялык чөйрөнү тажрыйбадан өткөрүү менен бирге өздөрүнүн билими жана тажрыйбасы аркылуу КТМУнун илимий жашоосуна салым кошуусун күтө тургандыгын билдирди.

«Академиктерибизге эркиндикти жана өндүрүмдүүлүктү колдогон иш чөйрөсүн сунуштайбыз»

КТМУ академиктердин илимий өндүрүмдүүлүгүн колдогон иш чөйрөсүн түзүүгө маани берерин айткан ректор Жейлан изилдөөчүлөрдүн өз тармагы жана иш тартибине ылайык изилдөөлөрүн улантуусун колдой тургандарын сүйлөдү.

Университеттеги академиялык көрсөткүчтөр жана илимий өндүрүш тыгыз көзөмөлдөнөрүн билдирген Жейлан изилдөөчүлөрдүн ишин жеңилдетүү максатында административдик процесстерди мүмкүн болушунча натыйжалуу жүргүзүүгө жана ашыкча бюрократияны азайтууга маани беришерин белгиледи.

КТМУнун Түркия жана Кыргызстандын биргелешкен эрки менен түзүлгөн өзүнө мүнөздүү уюштуруу түзүмү түрдүү академиялык салттардын биригишине шарт түзөрүн айткан Жейлан бул түзүм эл аралык академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен илимий өндүрүш үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай турганын билдирди.

«Академиялык мобилдүүлүк туруктуу илимий кызматташтыкка айланышы керек»

Орхон алмашуу программасы түрдүү өлкөлөрдү, шаарларды жана университет маданияттарын таанып-билүүдө маанилүү тажрыйба бере турганын айткан ректор, профессор Алпаслан Жейлан академиктердин мобилдүүлүгүнүн чыныгы баалуулугу тажрыйбанын илимий өндүрүшкө жана туруктуу академиялык мамилелерге айланышы менен ортого чыгарын баса белгиледи.

Мейман академиктерден КТМУда өткөргөн убактысын Кыргызстанды, башка аймактарды жана маданиятты таануу үчүн гана эмес, жаңы академиялык өнөктөштүктөрдү өнүктүрүү үчүн да натыйжалуу пайдаланууну өтүнгөн Жейлан: «Албетте, бул жерде болгон убактыңызда Кыргызстанды таанып, анын маданиятын жана жаңы жерлерди ачууңузду каалайбыз. Бирок бул программадан ала турган эң баалуу жетишкендиктердин бири — сиздер түзө турган илимий байланыштар болот. Биздин академиктер менен жолугуп, биргелешкен изилдөө багыттарыңызды белгилеңиздер, биргеликте изилдөөлөрдү, долбоорлорду жана эмгектерди иштеп чыгыңыздар. Бул жерде башталган академиялык мамиле программа аяктагандан кийин да уланышына маани беребиз», — деди.

Академиялык алмашуу программаларынын ийгилиги сапардын мөөнөтү менен гана чектелбестигин билдирген Жейлан биргелешкен изилдөө долбоорлору, илимий эмгектер, изилдөөчүлөр жана мекемелер ортосундагы жаңы кызматташтыктар аркылуу туруктуу болуп калган мамилелер Түрк дүйнөсүндө биргелешкен илимий өндүрүш дараметин чыңдаарын белгиледи.

«Өзүңүздөрдү «Манас» үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү катары сезишиңиздерди каалайбыз»

Студенттердин жана кызматкерлердин тынч, коопсуз жана өндүрүмдүү университет чөйрөсүнө ээ болуусу университет башкаруусунун негизги артыкчылыктарынын бири экенин билдирген ректор Жейлан КТМУнун студенттерге багытталган мамилеси менен академиялык жана административдик процесстердин бардые багыттарына чагылдырууга аракет кылып жатышканын белгиледи.

Мейман окумуштуулардын КТМУда болгон убактысын университеттин академиялык жана социалдык жашоосу менен жакындан таанышуу үчүн пайдаланууга чакырган Жейлан: «Бул жерде жүргөн убактыңыздарды конок катары эмес, «Манас» үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү катары көрүшүңүздөрдү каалайбыз. Биздин академиктер, студенттер жана бөлүмдөр менен кура турган  байланышыңыздар жаңы академиялык кызматташтыктарга айланышын каалайбыз», — деди.

Жейлан Орхон алмашуу программасынын алкагында КТМУда боло турган академиктерге иштерине ийгилик каалап, программанын аягында өз өлкөлөрүнө жаңы илимий байланыштар, академиялык тажрыйбалар жана жагымдуу эскерүүлөр менен кайтышарына тилектештигин билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү