2022-04-28


"Лидер окутуучу боло алуу" темасында конференция уюштурулду


Педагогика бөлүмүндө салтка айланып калган Кесиптик жана инсандык өнүгүү семинарлары сериясын улай, 27.04.2022 күнү бөлүмүбүздүн окутуучусу Проф. Докт. Күршад Йылмаз агайыбыз тарабынан "Лидер окутуучу боло алуу" темасында конференция уюштурулду. Конференцияга мугалим эжей-агайлар, болүмүбүздүн бакалавриат, магистратура, докторантура программаларынын студенттери катышышты. Агайыбыз өз конференциясында, мугалимдик кесипти ар кыл тараптан сындап, талдап, сыпаттап, лидер жана намыстуу мугалим болуунун сырлары менен бөлүштү. Иш-чаранын соңунда, келечектеги мугалимдик кесиптин ээлерине өзүнүн кеп-кеңештерин берип семинарын жыйынтыктады.