2022-04-28


"Мугалимдик кесиптин алкагында психологиялык кеңеш жана көмөк кызматы" темасында конференция өткөрүлдү


Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун башчысы, бөлүмүбүздүн окутуучусу доцент Эркан Эфилти агайыбыз 28.04.2022 күнү студенттерге арналган "Мугалимдик кесиптин алкагында психологиялык кеңеш жана көмөк кызматы" темасында конференция өткөрдү. Конференция Педагогика бөлүмүнүн башчысы Проф. Докт. Акматали Алимбеков агайыбыздын ачылыш сөзү менен башталды. Конференциясында, агайыбыз психологиялык кеңеш жана көмөк кызматынын тарыхы, максаты жана анын билим берүү процессиндеги орду ж.б.у. с темаларга кененирээк токтолду. Иш-чаранын соңунда студенттерге кеп-кеңештери менен бөлүшүп конференциясын жыйынтыктады.