2021-07-09


Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жалпы тарыхына арналган китеп жарык көрдү


Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн

жалпы тарыхына арналган китеп жарык көрдү

 

               Алгачкы Кыргыз мамлекети, гунндар менен кыргыздардын жакындыгы, кыргыз канында кытайлардын канчалык экендиги, Улуу кыргыз каганаты жана анын тарыхы, Кокон жана кыргыздар, орус колониализми, Совет доору, эгемендик ж.б. маселелердин башын ачкан фундаменталдуу эмгек жарыкка чыкты. Китептин автору профессор Осмонакун Ибраимов.

               «Эгемендиктин 30 жылдыгына карата чыгып калсын деп 3 жыл эмгектендим эле, мына эми ошол аракетимдин жыйынтыгы монография түрүндө жарык көрүп отурат»--дейт кубанычын жашыргысы келбеген автор. Китеп азырынча 100 эле даана жарык көрдү, бирок китепти эң кеминде миң даана чыгарганга спонсор чыгып атканы дайын болду.

               Китептин көлөмү 550 бет, 44 глава, ысымдар индексинде 1000ден ашуун ар кандай адамдардын аты аталган, 100дөн ашуун илимий булактар, эмгектер, архивдик материалдар пайдаланылган.

               Китеп орус тилинде жазылган жана толу аты: «Всеобщая история кыргызского государства с древнейших времен до наших дней». Китепти Кыргыз –Орус Славян университети чыгарды.