Багыт: Эл аралык мамилелер

Диплом: магистр (Жогорку билим)

Окуу мөөнөтү: 2 жыл

Окуу түрү: Күндүзгү

Бүгүн эл аралык мамилелер дегенде жалгыз гана мамлекеттер арасындагы аракеттешүү түшүнүгү менен чектелбестен ар кандай жамааттар, коомдук уюмдар, айрым адамдар жана транснационалдык субъекттер арасындагы мамилелер болгондугу да эске алынышы керек. Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн магистратура программасы дүйнөлүк саясатты үйрөнүгө жана талкуулого мүмкүнчүлүк түзүү менен бирге, уюштурулуп жаткан илимий иш-чаралар аркылуу глобалдашуу процессинде  эл аралык мамилелердин улуттук, регионалдык жана глобалдуу аспекттери менен актуалдуу маселелер боюнча маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылмакчы. Программанын максаты – мамлекеттер негизинде уюштурулган заманбап эл аралык системанын негизги акторлору арасындагы мамилелерди, коопсуздук, экономика жана тышкы саясат чөйрөлөрүндө чечим чыгаруу процесстерди изилдөө жана анализдөө. Программада эл аралык мамилелердин ар кандай динамикалары жөнүндө деталдуу маалымат алууга жана күнүмдүк көйгөйлөрдү талдоого өзгөчө көңүл бурулат.