2023-12-22


ManasTech


Инженердик факультеттин базасында курулган «ManasTech» Инновациондук борборунун алкагында 18/12/2023 инженердик факультетинин студенттерин шыктандыруу, кесиптик горизонтторду кеңейтүү жана ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү байытууга багытталган семинар болуп өттү. Семинарда чакырылган коноктор  актуалдуу тенденциялар, инженердик тармактагы кыйынчылыктар жана алар башкаруу тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, студенттер тарабынан кызуу талкууга алынды. «ManasTech» Инновациондук борбору студенттер менен адистердин тажрыйба алмашуусунда маанилүү аянтча болууда жана мындан ары да студенттердин билимин жогорулатуу жана тажрыйбасын байытуу максатында экологиялык семинарлар жана тренингдер уюштуруп туруу пландалууда. Бул Инновациялык борборго университетиздин башка факультеттеринин студенттерин да чакырабыз жана өз катарыбызда көрүүгө кубанычта болобуз.