2019-12-17


12.12.2019: «ТИЛМЕЧТЕР ТАЙМАШЫНЫН» 2019-2020-ОКУУ ЖЫЛЫ ЖАӉЫ СЕЗОНУН АЧТЫ


2019-жылдын 12-декабрында  Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттеринен турган "Тилмечтер таймашы" интеллектуалдык клубу жасезонун ачты. Жасезондун алгачкы ачылыш оюну «Оскар» сыйлыгына арналды. Таймаштын жыйынтыгында 1-орунду "ТОРНАДО" жана "БИРИМДИК" командалары бөлүп алса, 2-орунга "VIKTORIA" командасы ээ болуп, 3-орунду "VENI VIDI VICI" жана "MAXIMUM" командалары бөлүп алышты. Оюнга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Синхрондук котормо бөлүм башчылыгына, окутуучуларына жана катышкан студенттерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.