2017-04-09


Сихрондук котормо бөлүмүнүн студенттери Москвадан келген профессор Т. Эсеналиев менен жолугушту


2017-жылдын 29-мартында Коммуникация факультети имаратынын А-203 – анфисинде саат 15:00дө Москва мамлекеттик университетинин профессору Таалай Дуйшенович Эсеналиев менен Гуманитардык факультетке караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушууда Кыргызстан менен бирге заманбап дүйнөдөгү негизги дин агымдары тууралуу түшүндүрмө берилди. Дин таануу эволюциясы жана заманбап конфессиялардын маселелери тууралуу суроолорго токтолду. Профессордун айткандары студенттер үчүн аябай кызыктуу болду жана жалпы дин тууралуу Батыш жана Чыгыш дүйнөсүнүн көз караштары, террористтик уюмдар жана конфессиялар тууралуу кызуу дисскуссияга да орун берилди. Мындан тышкары, профессордун контакттык каратэ боюнча Дүйнө чемпиону, спорттун прикладдык түрү боюнча Борбордук Азия федерациясынын президенти болуусу да студенттерди кызыктырбай койгон жок. Ошондуктан 1 саатка пландаштырылган жолугушуу кызуу талкуу менен 2 саатка созулду. 

Таалай Эсеналиев тууралуу

Эсеналиев Т.Д.  Кыргызстанда туулуп-өскөнү менен, билимин  Новосибирск шаарындагы Жогорку аскердик академиясынын десанттык аба күчтөрү тыӊчылыгында алган. Андан кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых бөлүмүн артыкчылык менен бүтүрүп, кандидаттык диссертациясын Москва шаарында «Буддизм» адистиги боюнча жактаган. Азыркы учурда Таалай Эсеналиев - Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү өзгөчө маселелер боюнча Россия Федерециясынын өкүлү.

Эсеналиев терроризм, террордук кыймылдардын алдын алуу, диндер жана конфессиялар аралык мамилелери боюнча АКШ, АКШ Сенаты, Кёльн, Копенгаген жана Стокгольм сыяктуу  Европа өлкөлөрүндө да бир нече жолу лекция окуган. Азыркы учурда ал терроризм жана диндик экстремизмге каршы күрөш маселелерин комплекстик изилдөө боюнча Эл аралык ассоциациясынын түзүүчүсү.  Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети жана МИПД Дипломатиялык академиясында лекция окуйт, КМШнын Эл аралык антитеррористтик эксперттик группасынын жетекчиси, чыгыш уруш искусствосу, Борбордук Азия көчмөндөрүнүн аскердик каада-салттары, байыркы жана орто кылымдагы чыгыш цивилизация тарыхы жана дин боюнча 60тан ашуун эмгектин автору.  Кыргызстандын 2030-жылга чейин Туруктуу экономикалык өнүгүү стратегиясы проектисинин автору жана уюштуруучусу.