КТМУда сапатты башкаруу системасы боюнча жыйын: Бардык процесстер талаптарга жооп берди


  • 2026-04-17

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин алкагында жүргүзүлүп жаткан сапатты камсыз кылуу иштерине баа берилген ички аудиттин жыйынтык отчёту жана жетекчиликтин карап чыгуу (YGG) жыйыны өткөрүлдү. Жыйында TS EN ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасынын алкагында жүргүзүлгөн 1-көзөмөл аудитинин жыйынтыгында университеттеги бардык процесстер талаптарга жооп берери жана эч кандай туура келбестик аныкталбаганы маалымдалды.

Университеттин сапатты башкаруу процесстери талкууланган жыйынга проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы жана сапатты башкаруу боюнча өкүл, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, Сапат аткаруу кеңешинин төрагасы, профессор Кадир Ардыч, сапат элчилери, ошондой эле академиялык жана административдик бөлүм жетекчилери катышты.

Ички аудиттин жыйынтыктары жана пикирлерди жакшыртуу иштерине багыт берди

Жыйында сунушталган отчётто 2025-жылдагы ички аудиттин жыйынтыктары, сертификациялоочу уюмдардын текшерүүлөрү, студенттерден жана кызматкерлерден алынган пикирлер, ошондой эле процесстердин натыйжалуулугуна байланыштуу маалыматтар берилди. Мындан тышкары түзөтүүчү жана алдын алуучу иш-чаралар, сурамжылоолордун анализи, жаңыртылган колдонмолор жана жакшыртуу багыттары каралды. Ошентип, учурдагы абал менен катар өнүктүрүүгө муктаж болгон багыттар да аныкталды.

Көзөмөл аудитинде туура келбестик табылган жок

Башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил Түрк стандарттары институту тарабынан жүргүзүлгөн 1-көзөмөл аудитинин жыйынтыгында стандартта көрсөтүлгөн бардык процесстер ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал жетишилген жыйынтыкка салым кошкон сапат элчилерине, академиялык жана административдик кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Стратегиялык пландоо жана санариптик системаларда жаңы этапка даярдык

Сапат аткаруу кеңешинин төрагасы, профессор Кадир Ардыч сапат максаттары, 2027–2030-жылдарга стратегиялык пландоо даярдыктары, ошондой эле Жеке сунуштар системасы (BÖS) жана Түзөтүүчү жана алдын алуучу иш-чаралар (DÖF) системаларынын учурдагы абалы тууралуу маалымат берип, сапат маданиятын мындан ары бекемдөө боюнча сунуштарын айтты.

Ректор Жейлан: Сапат – биздин башкаруу түшүнүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан сапат боюнча иштер сертификация менен гана чектелбестен, университеттин бардык түзүмүнө багыт берген стратегиялык мамиле экенин белгиледи. Ал билим берүү, илимий изилдөө, административдик кызмат көрсөтүү жана студенттердин канааттануусу сыяктуу бардык тармактарда туруктуу өнүгүү негизги принцип экенин баса белгиледи.

Жейлан: “Биз сапат процесстерин университетибиздин бардык тармактарына багыт берген туруктуу башкаруу түшүнүгү катары карайбыз. Бул жетишкен жыйынтык – жалпы эмгектин, командалык рухтун жана биргелешкен жоопкерчиликтин айкын көрсөткүчү. Академиялык жана административдик кызматкерлерибиздин эмгеги менен университетибиз эл аралык стандарттарга шайкеш түзүмүн күн сайын бекемдеп келет”, – деди.

Ал сапатка багытталган иштер мындан ары да туруктуу улантыларын белгилеп, ар бир өнүгүү кадамы студенттер, кызматкерлер жана бардык кызыкдар тараптар үчүн дагы да күчтүү университет түзүүгө салым кошорун кошумчалады.

    Социалдык медиада бөлүшүү