KTMУнун Инженердик факультетине жаңы декан дайындалды


  • 2026-04-16

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин Компьютердик инженерия кафедрасынын окутуучусу, профессор Рита Исмаилова 2026-жылдын 16-апрелинен тартып Инженердик факультеттин деканы болуп дайындалды.

Ректоратта уюштурулган расмий иш-чаранын алкагында өткөн дайындоо аземинде кызматка киришүү буйругу KTMУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев тарабынан тапшырылды. Иш-чарага ошондой эле проректорлор профессор Исмет Алтынаш жана профессор Камалбек Карымшаков менен башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты.

KTMУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан дайындоого байланыштуу өз баасын берип: «Профессор Рита Исмаилованын билим деңгээли, академиялык көз карашы жана мекемелик тажрыйбасы факультетибизге олуттуу салым кошот деп ишенем. Жаңы кызматында ага ийгиликтерди каалайм жана Инженердик факультетибизди дагы да күчтүү келечекке алып баруучу иштерге жетекчилик кыларына ишенем», — деп билдирди.

    Социалдык медиада бөлүшүү