Кыргыз–Түрк "Манас" университетинде “Ректорлук конференциялары” алкагында “Өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин коргонуу өнөр жайы” аттуу конференция өткөрүлдү. Конференциянын негизги баяндамачысы катары Улуттук коргоо университетинин проректору, профессор Сердар Салман катышып, коргонуу өнөр жайынын тарыхый өнүгүшүнөн тартып бүгүнкү күндүн жогорку технологиялык системаларына чейинки процессти кеңири презентация аркылуу катышуучуларга баяндап берди.
«Коргонуу өнөр жайына инвестиция – келечекке салынган инвестиция»
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан улуттук коргонуу ар бир элдин жашоосун жана келечегин камсыз кылган эң негизги факторлордун бири экенин белгилеп, бүгүнкү глобалдык шартта коргонуу өнөр жайына инвестиция салбаган мамлекеттердин эл аралык атаандаштыкта туруктуу орун сактап калуусу барган сайын кыйын болуп жатканын айтты. Ал Түркиянын өзгөчө абадан коргонуу тармагында акыркы жылдары олуттуу секирик жасаганын белгилеп, учкучсуз учуучу аппараттар, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар жана улуттук согуштук учак долбоорлору аркылуу өлкө эл аралык коргонуу тармагында маанилүү деңгээлге жеткенин билдирди. Байрактар TB2, ANKA жана Kızılelma сыяктуу жергиликтүү жана улуттук долбоорлор Түркиянын технологиялык мүмкүнчүлүгүн айгинелеп жатканын айтып, бул жетишкендиктер жаш муун үчүн да чоң шыктандыруучу булак экенин кошумчалады.
«Коргонуу өнөр жайы технологиялык өзгөрүүнүн борборунда»
Конференцияда профессор Сердар Салман коргонуу материалдарынын аныктамасы, колдонуу чөйрөлөрү жана тарыхый өнүгүү процесси боюнча кеңири маалымат берди. Ал түрк тарыхында алгачкы коргонуу каражаттары кол эмгегине негизделген өндүрүш аркылуу пайда болгонун белгилеп, убакыттын өтүшү менен технологиялык өнүгүүлөрдүн натыйжасында бул тармак олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгонун түшүндүрдү. Осмон доорунда коргонуу өнөр жайындагы сериялык өндүрүш процесстерине токтолуп, Шахи замбиректери жана Урбан замбиректери сыяктуу аскердик технологиялардын согуш тарыхындагы мааниси белгиленди. Барут өндүрүшүндө колдонулган күкүрт селитрасы, согуш кемелери жана суу алдындагы кемелер боюнча Осмон империясынын инженердик тажрыйбасы дүйнөлүк тарыхтагы орду менен өзгөчө белгиленди. Республика доорунан тартып коргонуу өнөр жайы мамлекеттик түзүмдөр аркылуу институционалдашып өнүгө баштаганы, кийинчерээк жеке сектордун салымы менен Түркия бул тармакта олуттуу жетишкендиктерге жеткени айтылды. Ошондой эле Түркиянын кен байлыктары, темир-болот өндүрүшү жана стратегиялык өндүрүш инфраструктурасы тууралуу маалымат берилди.
Конференцияда коргонуу материалдарынын классификациясы жана колдонуу тармактары да кеңири каралды. Болот, алюминий, титан, вольфрам жана супер никель эритмелери менен катар композит, керамика жана зоот технологиялары боюнча маалымат берилди. Ошондой эле каптоо технологиялары жана атайын боёктордун заманбап коргонуу системаларындагы мааниси белгиленди.
Түркиянын жергиликтүү жана улуттук коргонуу технологиялары
Иш-чарада космостук системалар, абадан коргонуу системалары, ошондой эле аба, кургактык жана деңиз платформалары боюнча видеолор жана визуалдык материалдар көрсөтүлдү. Өзгөчө ROKETSAN тарабынан иштелип чыккан Atmaca, Çakır, Orka жана Akya сыяктуу улуттук системалардын техникалык өзгөчөлүктөрү жана колдонуу багыттары менен тааныштырылды. ASELSAN компаниясынын “Адамзатка жана планетага кызмат кылган технология” көз карашы алкагындагы ишмердүүлүгү да каралды. Байланыш, радар, электрондук согуш, коргонуу жана коопсуздук технологиялары боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берилип, анимациялык визуалдар аркылуу аба технологияларынын тарыхый өнүгүүсү көрсөтүлдү. Учкучсуз учуучу аппараттар, заманбап согуштук учактар, абадан коргонуу системалары жана акылдуу ок-дарылар мисалында Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы жетишкендиктери бааланды. Жергиликтүү өндүрүш мүмкүнчүлүгүнүн өсүшү стратегиялык көз карандысыздык үчүн өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.
Жыйынтык бөлүк
Программанын соңунда профессор Сердар Салман катышуучуларга Улуттук коргоо университети тууралуу да маалымат берип, университеттин билим берүү багыты, аскердик окуу жайлары, бакалавриат программалары жана коргонуу тармагына адистерди даярдоо системасы жөнүндө кеңири баяндады.