Кыскача

1999-2000-окуу жылында ачылган жогорку кесиптик мектепте алгач «Тамак-аш иштетүү программасы», кийин «Туризм жана мейманкана иштетүү программасы » жана «Саякат иши программасы» ачылган. Аталган үч бөлүмдүн ийгиликтүү иш-аракеттеринин натыйжасында, жогорку кесиптик мектеп алдыга коюлган максаттарына толугу менен жетти. Буга биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумуш менен камсыздалышын кѳрсѳткѳн жогорку деӊгээлдеги көрсөткүчтѳр жана туризм тармагындагы ишканалардан келген жагымдуу пикирлер далил боло алат. Жогорку кесиптик мектеп жетишкен ийгиликтерден улам билим берүүдө жаңы тепкичке көтөрүлүү максатында 2007–2008-окуу жылынан баштап жогорку кесип мектеби, бакалавр деңгээлинде билим берген «Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби» болуп түзүлгөн. Cаякат иши жана гид кызматы менеджменти, Tуризм жана мейманкана иши менеджменти жана Kоомдук тамактануу менеджменти иш алып барууда. Университетибиздин Окумуштуулар кеӊешинин 25/02/2021-жылдагы жана 2021-02.10- номерлүү чечимине ылайык, 2021–2022-окуу жылынан баштап Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби "Туризм факультети" болуп түзүлгөн.

ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Кыргызстандын табиятынын кооздугу, тарыхый мурастары, маданияты жана кыргыз элинин меймандостугу туризм тармагын өнүктүрүүдөгү эң негизги потенциал болуп саналат. Бирок өлкөбүздө туризм тармагын өнүктүрүүдөгү эң негизги маселелердин бири - бул тармакта иштей турган кадрлардын жетишсиздиги.

Ошол себептерден улам, туризм факультетинин максаты Кыргызстанда биринчилерден болуп бүтүндѳй Түрк дүйнѳсүнүн туризм тармагы боюнча сапаттуу кадрларды даярдоо жана жаштардын туризм чѳйрѳсүндѳ ийгиликтүү карьера жасоосуна жол ачуу.

МИССИЯСЫ

Кыргызстан менен Түркиянын жана башка түрк мамлекеттериндеги туризм тармагында дүйнөлүк илимий принциптердин алкагында окутуп тарбиялоо, заманбап билим берүү принциптерин сактоо менен орто жана жогорку баскычтагы адистерди даярдоо.

ЖАКЫНКЫ МАКСАТТАРЫБЫЗ

Туризм тармагында билим берген жогорку окуу жайлардын арасынан бүтүрүүчүлөрүбүздүн ийгиликтеринин натыйжасында дүйнө жүзүнө таанымал болуу.

БИЛИМ БЕРҮҮ

Туризм факультетинин бөлүмдөрүндө жүргүзүлгѳн билим берүү иштеринде төмөнкүлөргө маани берилет :

- Негизги билим берүү тилдери кыргыз жана түрк тилдери, андан сырткары кошумча англис, орус, немис тилдерин жетиштүү деңгээлде үйрөтүүгө басым жасалат.

- Студенттердин башкаруучулук жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу максатында теориялык сабактар азыркы мезгилдин талаптарына ылайык берилет.

- Студенттердин кесибине жараша кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу үчүн практикалык сабактарга абдан чоң маани берилет.

- Студенттер окуудан тышкаркы учурларда кесиптик чөйрөсүн таанып билүүсү, үйрѳнүүсү үчүн Туризм факультетинин лабораторияларында өз алдынча иштөөсүнө жана кесиптик саякаттарга чыгуусуна шарттар түзүлгѳн.

- Бүтүрүүчүлѳрдүн өз кесибине жетиштүү деңгээлде ээ болуусу үчүн, билим алуу мезгилинде ар бир семестрдин аягында өндүрүштүк практикадан ѳтүүсү шарт. Студенттер практикалык иш- чараларын кесиптик туризм ишканаларында өтөп , төрт жылдын аягында өз кесибинин мыктысы жана жогорку деңгээлдеги иш тажрыйбасы менен камсыздалат.

СОЦИАЛДЫК ЖАНА МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАР

Студенттердин сабактан тышкары мезгилде, студенттердин жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү максатында факультетке социалдык жана маданий иш-чараларга абдан чоң маани берилет жана көптөгөн иш-чаралар ѳткѳрүлѳт.

Факультетке жаңы келген студенттер үчүн салт катары жыл сайын таанышуу кечеси уюштурулат. Жаңы келген студенттерге дем берүү жана Факультетти жакындан тааныштыруу максатында ар кандай иш- чаралар ѳткѳрүлѳт.

Кыргызстандын ар кайсыл туристтик аймактарына кесиптик саякаттар уюштурулат жана туризм тармагында эң ийгиликтүү болгон ишкана жетекчилери, ишкерлер сабактарга чакырылып, студенттерге азыркы мезгилдин талаптары жана өнүгүүлөрү тууралуу маалыматтарга ээ болушуна шарт түзүлѳт.

Факультет тарабынан студенттер арасында кесиптик билим таймаштар өткөрүлөт. Таймашта жеӊишке жеткен студенттерге ардак грамота жана сыйлуу белектер тапшырылат. Ошондой эле студенттер арасында ар түрдүү спорттук мелдештер өткөрүлүп, студенттердин сабактан тышкаркы убактарын эң туура колдонуусу камсыз кылынат.

Студенттердин кесиптик билимдерин жана жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу үчүн Факультеттин студенттери университет тарабынан уюштурулган ар түрдүү конгресстерге, симпозиумдарга, конференцияларга жана ар түрдүү иш-чараларга катышып турат.

Факультеттин студенттери университетибиздеги музыка, бий жана спорт ийримдерине активдүү катышып келет.

ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТАР

Туризм факультети бардык уюмдар менен кызматташууга дайыма даяр, азыркы убакта Швейцариялык эл аралык кызматташтыгы, ошондой эле БУУнун дүйнөлүк азык- түлүк программасы менен иш алып барууда.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЮМДАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТАР

Туризм факультети Кыргызстан туроператорлор уюмунун мүчөсү болгон учурда, уюмдун иш алып баруусуна жана өнүгүүсүнө орчундуу салымдарын кошкон. Бул жасалган иш-аракеттердин натыйжасында факультетибиз туризм тармагы боюнча Кыргызстанда эң мыкты билим берүүчү окуу жайы деп табылган.

ТАРМАКТЫК МАМИЛЕЛЕР

Биздин факультетибиз Түркия мамлекеттериндеги мейманкана жана туризм ишканалары менен иш алып барууда, анын ичинен Анталья жана Мугла, ошондой эле Тунис, Тайланд, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан жана дүйнөнүн көптөгөн башка мамлекеттери.

КООМГО ТУРИЗМ ТАРМАГЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ

Факультетибизде туризм тармагында иштеген жана бул чѳйрѳгѳ кызыккан адамдарга кыска мөөнөттүү курстар өткөрүлѳт. Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан тастыкталган сертификаттардын негизинде төмөнкү курстар берилет:

- Тамак-аш кызматы

- Кабыл алуу кызматы

- Бармен жана Бариста

- Тамак-аш даярдоо

- Тазалык кызматтары

- Мейманкана башкаруу

ТУРИЗМ КЛУБУ

Факультетибиздин студенттери тарабынан түзүлгѳн Туризм клубу университетибиздин окутуучулары жана студенттери үчүн Кыргызстандын ар түрдүү облустарына саякаттарды уюштурушат жанаТуризм факультетинин максаттарына жетүүдө активдүү катышат.