2021-12-01


Ашпозчу Эрнист Сайпидинов студенттерге мастер класс өткөрдү (25-ноябрь, 2021-жыл)


Кыргызстан ашпозчулар союзунун вице-президенти жана Хайд Парк эс алуу жайларынын ашканасынын ашпозчусу Эрнист Сайпидинов 2021-жылдын 25-ноябрында факультетибиздин Ресторандык иш жана кулинардык өнөр окутуучусу Сапаргүл Турдубекованын тамак-аш даярдоо практикалык сабагына катышты. Сабактын алкагында студенттерибиз менен T-bone Steak жана Rib-eye Steak тамактары жасалды.