Декандан сөз

Урматуу студенттер,

Эң оболу бардыгыңыздарга кош келипсиздер демекчимин. Турзим секторунун ар кыл тармактарында жаркыраган келечекке жетишүү үчүн туура окуу жайын тандадыңар. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Туризм факультети келечекте престиждүү ишканаларда иштешиңер үчүн бардык мүмкүнчүлүктѳрдү сунуштай тургандыгына ишендирип кеткибиз келет. 

Туризм – жалгыз гана экономикалык эмес, коомдук, маданий жана саясий жааттан маанилүү таасирге ээ болгон сектор болуп саналат. Ушундан улам, гуманитардык жана маданий капиталга ѳздѳрүнүн салымын кошо алган, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында түзүлгѳн факультетибиз эң алгач 1999-жылы орто кесиптик билим берген окуу жайы катары, ал эми 2007-жылынан баштап бакалавриат деңгээлинде билим берген жогорку мектеп катары алгылыктуу иштеп келе атат.  Университетибиздин жетекчилиги билим берүү жаатындагы заманбап тенденцияларды жакындап изилдеп, эл аралык туризм ишмердүүлүгүнүн учурдагы алдыга койгон максаттарды эске алып, жогорку мектебибиз окуу жайыбыздын Камкорчулар Кеңешинин 2021-жылдын 28-апрелдеги чечими менен Туризм факультетине айландырылды. 

Туризм жаатындагы сапаттуу билим берүүнү максаттап, университетибиздин миссиясынын алкагында уламдан-улам билим берүү сапатын арттыруу үчүн стандарттарыбыздын деңгээлин тынымсыз жогорулатып келебиз. Биз бардыгыбыз борборунда студент жана студенттердин кызыкчылыктары жайгашкан окуутуу моделин ишке ашырып келебиз. Окутуучулар жамааты сиздердин келечекте ѳздѳрүңѳрдүн жолуңарды таап кетишиңерге ѳбѳлгѳ түзүү үчүн колунан келген аракеттерин аянбай тургандыктарын айтып ѳткүм келет. Ошонон улам, биздин эң негизги максаттарыбыздын бири – туризм тармагынын ар кыл жааттарында жетекчилик кызмат орундарында иштѳѳгѳ даярдаган, илим, искусство, башкаруу илимдеринин алкагында саякат, жайгаштыруу жана гастрономия тармактарында практикалык тажрыйба берген предметтерди камтыган окутуу программасын даярдоо болуп саналат.  

Окуу-тарбия жараянына тиешелүү бардык маалыматтарды жана жаңылыктарды окуу жайыбыздын расмий веб-сайтынан жана башка расмий маалымат булактарынан ала аласыздар. Жаңы окуу жылында бардыгыңарга чын ден соолук, бакыт-таалай жана албан-албан ийгиликтерди каалайм. 

Проф., док.
Ясин Бойлу
Декан