"Түркия менен Кыргызстандын туризм ишканаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу" долбоорунун алкагында 2025-жылдын 15–22-апрель күндөрү Мармарис шаарында кесиптик окуу программасы уюштурулду. Бул иш-чараны университеттин Туризм факультети демилгелеп, Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясы (KATO) жана Түштүк эге туристтик мейманканалар жана ишкерлер ассоциациясы (GETOB) менен биргеликте ишке ашырды.
Окуу программасына Кыргызстандан 28 туризм ишканасынын өкүлдөрү катышып, Даламан–Сарыгерме, Мармарис жана Датча аймактарындагы ар кандай туристтик ишканаларга барып, жеринде таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Катышуучулар Түркиядагы туризм тармагынын иштеши менен жакындан таанышып, бул жааттагы кесипкөйлөр менен пикир алмашты.
Эл аралык кызматташтыкты жана кесиптик өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган бул иш-чара, эки өлкөнүн туризм тармагындагы байланышын чыңдоого олуттуу салым кошту. Программанын жүрүшүндө факультеттин атынан доц.м.а. Нарынгүл Маргазиева жана ага окутуучу Кымбат Асанова уюштуруу иштеринде катышты.
Мындан сырткары, окуу программасынын алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин орун басары жана башка тармак өкүлдөрүнүн катышуусунда Мармаристе биринчи жолу уюштурулган "Кария Визиону" аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада факультеттин деканынын орун басары доц.м.а. Нарынгүл Маргазиева университет жана Кыргызстандын туризм тармагы тууралуу презентация жасады.