2019-02-06


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окутуучуларга Ардак грамота тапшырылды


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эмгек жамааты КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.

2018-жылдын 6-ноябрында Ректораттык Сенаттын залында «Манас» университетинин ийгиликтүү окутуучуларына сыйлыктарын ректор проф.Себахаттин Балжы жана ректордун орун басары проф. Асылбек Кулмырзаев берген.

Манастыктар ак ниет эмгеги, жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн министрликтин маанилүү сыйлыктарынын бири болгон Ардак грамотага татыктуу деп болушту.

Бул сыйлыкка татыктуу деп табылган Манас университетинин окутуучулары, Чет тилдер факультетинин окутуучусу д-р Анаркан Бектурова, окутуучу д-р Аида Асылбекова, адабият факультетинин чыгыш тилдери кафедрасынын орус тили жана адабияты программасынын окутуучусу Сагын Алаева, Туризм жана мейманкана иштетүү мектебинин директорунун орун басары Надира Турганбаева, Саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн башчысы доц. э.и.к. Бакыт Турдумамбетов, Ресторан иши жана кулинардык ɵнɵр бɵлүмүнүн улуу окутуучусу Сапаргүл Турдубекова, Студенттик жана бүтүрүүчүлөрдү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Кыял Турдакунова болду.