2019-02-06


САЛКИН-ТОР, ВЛАДЕЛЕЦ И МЕНЕДЖЕР РЕСТОРАНОВ ВАВИЛОН И ИМПЕРИАЛ В НАШЕМ УНИВЕРСИТЕТЕ!!! 21 ДЕКАБРЯ 2017 ГОДА


Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби өзүнүн тышкы кызыкдар тараптары менен байланышты бекемдөөдө. Бул контекстте 2017-жылдын 21-декабрында мектебибиздин коногу Салкын-Төр, Вавилон жана Империал ресторандарынын ээси жана менеджери Мурат Арыстанбеков болду.

Мурат Арыстанбеков «Тамак-аш жана суусундук бизнесинин ишкердигинде эмнени билишиңиз керек» деген презентация менен студенттерибизге жана окутуучуларыбызга маалымат берди жана катышуучулар менен кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинар университетибиздин кампусунда, Туризм жана мейманкана иштетүү факультетинде өттү. Семинардан кийин Мурат Арыстанбеков өз ишканаларында стажировкадан өтүүнү каалаган студенттерибизге жана окуусун аяктап жаткан студенттерибизге бизнес сунуш кылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.