2019-02-06


HYATT REGENCY HOTEL БИШКЕКТЕГИ БАШКЫ АШПООЗЧУ БИЗДИН МЕКТЕПТЕ!!! 22-НОЯБРЬ 2018-жыл


Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектеби өзүнүн тышкы кызыкдар тараптары менен байланышты бекемдөөдө. Бул контекстте 2018-жылдын 22-ноябрында Hyatt Regency Hotel Bishkek мейманканасынын башкы ашпоозчусу Мерт Дуран биздин мектептин коногу болду.

Мерт Дуран «Отель бизнесинин тамак-аш жана суусундуктар бөлүмүндө карьералык күтүүлөр» аттуу баяндамасы менен студенттерибизге жана окутуучуларыбызга маалымат берди жана катышуучулар менен кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинар университетибиздин борбордук имаратынын конференц-залында өттү. Семинардан кийин Мерт Дуран өз бизнесинде стажировкадан өтүүнү каалаган студенттерибизге жана бүтүрүү алдында турган студенттерибизге бизнестин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, чынжыр мейманкана бизнесинде иштөөнүн артыкчылыктары менен катышуучулар менен бөлүштү.