2022-03-31


БӨЛҮМДҮН СТУДЕНТТЕРИ АРАСЫНДА СТУДЕНТТИК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ 25/03/2022


25-март 2022 ж. Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн  магистранттар жана студенттер арасында "Кыргызстандын гастрономиялык туризм потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү" аттуу студенттик конференция өткөрүлдү.  Факультеттин деканы профессор Ясин Бойлу  жана декан орун басары доцент Гунтекин Шимшек конференциянын  ачылыш сөздөрүндө  Ресторан сектору дүйнөлүк экономиканын, анын ичинде Кыргызстандын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактардын бири экендигин жана бул кесипте билим алып жаткан студенттерге үмүттөрү чоң болгондугун айтып кетишти. Конференцияга А. Токторова-магистрант "Туризмде ишкер аялдардын өнүгүү мумкунчулуктөрү жана тоскоолдуктары", Н.Эсенкадыр к.-магистрант "Кыргыз улуттук тамак-аштарынын туризмдеги ордун изилдөө", 4-курстун студенттери: З.Асангулова "Кыргызстанда сүттүн түрлөрүн ден соолук туризминде колдонулушун изилдөө", А.Шекербекова "Бишкек шаарынын коомдук тамактануу ишканаларында сапатты башкаруу ыкмаларынын колдонулушун талдоо", Н.Касымова "Бишкек шаарындагы тойканалардын иш алып баруусунун уюштурулушун изилдɵɵ жана ɵнуктүрүү учун сунуштарды иштеп чыгуу", А.Калыкова "Коомдук тамактануу ишканаларында колдонулуучу, тейлөөнү башкаруу ыкмаларын изилдөө", А. Батырбекова "Окуучулардын тамактануусунун мектептерде туура уюштурулгандыгын , Жеңишбек кызы Гулжамал "Мектеп окуучуларынын каалоосун эске алуу  менен алар учун тамактын рецептурасын жана технологиясын иштеп чыгуу", 2 курстун студенттери  Арслан Майрамбеков, Ферузабану Жумашева жана Бекболот Халил уулу студенттер Коомдук тамактануу секторунун көйгөйлөрү жана перспективалар, Гастрономиялык шаарлар ж.б темага негизделген пикирлер менен бөлүшүп кызыктуу талкулоорду жаратты. 

Конференцияга  активдүү катышкан магистранттарга жана студенттерге алкыш айтылып, сертификаттар ыйгарылды