2022-04-18


БӨЛҮМДҮН СТУДЕНТТЕРИНЕ ЭКСКУРСИЯ УЮШТУРУЛДУ: СУПАРА ЭТНО-РЕСТОРАН 13.04/2022


2022-жылдын 13-апрелинде Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн ага окутуучу э.и.к. Гульмира Саматованын демилгеси менен бөлүмдүн 2-курсун студенттерине  белгилүү этно-комплекс «Супара» ресторанын тааныштыруу  экскурсия уюштурулду. Ишкананын кызматкерлери студенттерди жылуу тосуп алып, ишкананын концепциясы, тейлөө кызматы, кардарлардын максаттуу тобу, меню, иш системасы жана кадр саясаты тууралуу маалымат менен бөлүшүштү. Андан тышкары, студенттер  Т.Эгембердиева атындагы музейинде   полимердик чоподон миниатюра түрүндөгү жасалган «Өнөр айылы», «Улуу көч» жана «Көк бөрү» макеттерин  көрүштү.