2022-04-29


ORHUN алмашуу программасы менен Ата Түрк университетинде


Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., проф. Нурудин Кыдыралиев 2022-жылдын 10 – 21-апрел күндөрү Орхун алмашуу программасынын алкагында Түркия Республикасынын Эрзурум шаарындагы Ататүрк Университетинин Туризм факультети менен жакындан таанышып келди. Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн студенттерине жана окутуучулар курамына «Кыргызстандын туристтик потенциалы», «Кыргызстандын гастрономиялык туризми» жана «Кыргызстандын билим берүү системасы» темаларында доклад жасады.