2022-10-14


СЕКТОР МЕНЕН ТААНЫШУУ:ШЕРАТОН БИШКЕК МЕЙМАНКАНА


SHERATON ОТЕЛИНЕ  1-курс ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЗЫЯРАТЫ
2022-жылдын 30-сентябрында Туризм факультетинин Ресторан иши  жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн  1-курсунун студенттери үчүн Sheraton Hotel эл аралык чынжыр мейманканасына "Кесипти таануу" зыяраты уюштурулду.
Студенттерге ишкананын концепциясы, анын иштөө системасы жана кадр саясаты тууралуу Шератондун Операциялар боюнча директору Салих Гүнайдын мырза маалымат берди.
Студенттер мейманкана системасынын иштеши тууралуу маалыматты мейманкананын сатуу боюнча координатору Жибек Айсариевадан алышты.
Мындан тышкары студенттер мейманкананын башкы менеджери Хакан Аслан жана башкы ашпозчу Рамазан Уста менен таанышып, меймандостук тармагындагы карьералык өсүү тууралуу маалымат алышты.