2022-11-21


Мастер-класс "FOOD PHOTO"


2022-жылдын 10-ноябрында Ресторан иши жана кулинардык ѳнѳр бѳлүмүнүн окутуучусу Динара Исакованын уюштуруусу менен GMS-409 Тамак-аш стилистикасы жана фотосүрөт сабагынын алкагында “Тамак-аш фотосүрөтүнүн негиздери” аттуу ачык сабак өткөрүлдү. Мастер-класска фуд-фотограф Айжан Айнабекова чакырылган. Айжан Айнабекова тамак-аштын композициясын кантип жасоону көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Студенттердин кызыктуу суроолору менен сабак жандуу өттү. Айжан Айнабековага Туризм факультети атынан «Ыразычылык баракчасы» тапшырылды.