2022-12-02


И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетине зыярат: 30.11.2022


Факультетибиздин окутуучулары 30-ноябрь, 2022-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинде болушту. Иш сапарынын алкагында технологиялык институтунун Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы" кафедрасынын башчысы, т.и.д., профессор Мусулманова М.М., тамактануу жаатындагы башталгыч билим берүү мамлекеттик борборунун директору Азисова М. жана кафедранын кызматкерлери университеттин лабораториялары жана практикалык тармактары боюнча экскурсия жасап, бөлүмдүн иши тууралу маалымат менен бөлүштү. Университеттин проректору, профессор.Сыдыков Ж.Д. менен туристтик билим берүү жаатында биргелешкен иштерге багытталган долбоорлор тууралу маек курулду.