2023-12-21


“Тамак-аш фотосүрөтүнүн негиздери” аттуу ачык сабак өткөрүлдү /19/12/2023


2023-жылдын 18-декабрында Ресторан иши жана кулинардык ѳнѳр бѳлүмүнүн ага окутуучусу Динара Исакованын уюштуруусу менен GMS-409 Тамак-аш стилистикасы жана фотосүрөт сабагынын алкагында “Тамак-аш фотосүрөтүнүн негиздери” аттуу ачык сабак өткөрүлдү. Мастер-класска фуд-фотограф Айпери Асанкулова чакырылган. Айпери Асанкулова тамак-аштын композициясын кантип жасоону көрсөтүп, түшүндүрүп берди. Студенттердин кызыктуу суроолору менен сабак жандуу өттү. Айпери Асанкуловага Туризм факультети атынан «Ыразычылык баракчасы» тапшырылды.