2024-01-31


СЕКТОР МЕНЕН ЖОЛУГУШУ. HYATT REGENCY BISHKEK/2024


Факультетибиздин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери ага окутуучусу Сапаргүл Турдубекованын коштоосунда меймандостук багытына кирүү иш-чаралары улантууда. 2024-жылдын 23 жана 25-январында Hyatt Regency Bishkek мейманканасында адам ресурстары башкаруу бөлүмү  тарабынан практикалык семинарлар өткөрүлүп, студенттер мейманкана бөлүмдөрүнүн ишин реалдуу шарттарда көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Семинарлар студенттерге меймандостук индустриясында иш менен реалдуу таанышууга жана жумуш ордунда тажрыйба топтоого өбөлгө түзүлөөрү анык. Бул семинарлар студенттерге мейманканадагы тамак-аш тейлөө операцияларын жакшыраак түшүнүүгө жана жумушта тажрыйба жана карьера планын түзүүгө жардам берет деген ишеничтебиз