2024-05-08


Туризм факультети "Карьера күнү-2024"


2024-жылдын 12-мартында КТМУнун туризм факультети тарабынан "Карьера күнү-2024" иш-чарасы уюштурулду. Аталган иш-чара туризм факультетинин студенттери үчүн уюштурулуп, ага профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана Кыргызстандын түрдүү аймагынан келген ири компаниялардын өкүлдөрү: Ambassador Hotel, Sofia Hotel, Supara, Nomads Land, Kyrgyz Tourism, Best Way, Raduga, South Beach, Han-Tengri ж.б. катышты.

Университетибиздин туризм факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө жумуш орундарын таап берүү жана  ири компания, мекемелер менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулган иш-чара декан жардамчылары Доц.док. Гүнтекин Шимшек менен Доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиеванын ачылыш сөздөрү менен башталды.

"Факультет катары теория менен практиканы чогуу алып кетүү аракетиндебиз", -деген туризм факультетинин декан жардамчысы, Доц.док. Гүнтекин Шимшек иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгилеп, тармактын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Декан жардамчысы, Доц.м.а.док. Нарынгуль Маргазиева өз сөзүндө студенттердин милдеттүү практика өтөөсү боюнча кенен маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө тармактын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү презентация жасашып, практика өтүү жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат беришти.

Алдыдагы карьераларын баштоону чыдамсыздык менен күтүп жатышкан студенттер үчүн бул иш-чара абдан пайдалуу болуп, кызыккан суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк түздү.