2025-06-19


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Ресторан иши жана кулинардык өнөр бɵлүмүндɵ тегерек стол өттү


17-июнь 2025-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмү тарабынан уюштурулган тегерек стол ийгиликтүү өттү. Бул иш-чара ресторандык индустриянын өкүлдөрү жана академиялык чөйрөнүн адистерин бир аянтчага чогултуп, ресторан бизнеси жана гастрономиялык билим берүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды. Жолугушуу учурунда келечектеги гастрономия адистерин даярдоодогу жаңылыктар талкууланды. Белгилүү ресторан ишкерлери, ашкана эксперттери жана ассоциация өкүлдөрү билим берүү программаларын жаңылоо, студенттердин тармакка интеграцияланышы жана гастрономиялык туризмдин туруктуу өнүгүүсү боюнча өз ой-пикирлерин бөлүштү. Панелдик сессиялар жана ачык талкуулар иш-чаранын мазмунун байытты жана ресторан индустриясынын академиялык жана кесиптик өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуу максатын көздөдү. Кыргыз-Түрк «Манас» университети гастрономия жаатындагы иш-чаралары менен тармактык байланыштарын кеңейтүүдө.