2025-09-24
25/09/2025 Erasmus программасынын алкагында факультетибизге келген Анадолу Университетинин Эскишехир Кесиптик Жогорку мектебинин директору, доцент Осман Гүлдемир тарабынан «Осмон ашкана» боюнча мастер-класс өткөрүлдү. Сабактын жүрүшүндө «Maydanozlu köfte», «Marmarina» бореги, «Çilek Şerbeti» жана «Helva-yı Hakani» сыяктуу тамактар даярдалды. Студенттер Осмон гастрономиялык салттарынын тарыхы менен таанышып, өзгөчө тамактардын жасалышындагы ыкмаларды үйрөнүшүп, практикалык түрдө ар кандай ашпоздук техникаларды колдонуп көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чара ресторан бизнесинин келечектеги адистери үчүн билим горизонтун кеңейткен баалуу тажрыйба болуп, алардын кесиптик билимин тереңдетип, дүйнөлүк гастрономия мурасына жакындан таанышууга шарт түздү.