2026-02-18


ФАО өкүлчүлүгү менен тамак-аш коопсуздугу жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды


2026-жылдын 18-февралында Туризм факультети Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнө Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) эксперттер делегациясы иш сапары менен келди. Бул жолугушуу «Агроазык-түлүк системасына негизделген көп тармактуу саясаттык сунуштар аркылуу туура эмес тамактануу көйгөйүн чечүү» долбоорунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ФАО өкүлдөрү тамак-аш азыктарынын химиялык курамын изилдөө жана окуу процесстерине агроазык-түлүк системаларын эске алуу менен тамактануу боюнча атайын окуу модулдарын киргизүү маселелерине токтолушту. Ошондой эле, тараптар келечектеги кызматташтыкты тереңдетүү жана биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү пландарын талкуулашты.