2026-02-24
Түркиянын Ашпозчулар улуттук курама командасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, түрк ашканасынын эл аралык сыймыгы Executive Chef Эйүп Кемал Севинч, 2026-жылдын 26-февралында биздин бөлүмгө конокко келет.
Көп жылдар бою Улуттук курама команданын капитаны жана президенти болуп иштеген, "Чексиз меню" жана "Чексиз түрк ашканасы" китептеринин автору жана белгилүү теле алып баруучу Севинч; “Ашканада ийгилик жолу: Ашпозчунун чыныгы сыры” аттуу семинарын тартуулайт. Семинардан кийин өтө турган атайын Мастер-класс (Master Class) учурунда шефибиз кесиптик сырларын жана ыкмаларын окуучуларыбызга иш жүзүндө көрсөтүп берет.