2026-04-03


Белгилүү пахлава устаты Самат Суеркулов менен мастер-класс


2026-жылдын 2-апрелинде «Ресторан иши жана кулинардык ɵнɵр» бɵлүмүнүн студенттери үчүн «Түрк ашканасы» сабагынын алкагында өзгөчө мастер-класс болуп өттү. Белгилүү пахлава устаты Самат Суеркулов студенттерге түрк ашканасынын эң таттуу символдорунун бири болгон баклава жасоо сырларын көрсөтүп берди. Иш-чара студенттердин кызыгуусун арттырып, практикалык тажрыйба менен байытты.