2026-04-06
2026-жылдын 3-апрелинде «Тамак стилистикасы жана сүрөткө тартуу» сабагынын алкагында «Тамак сүрөткө тартуу өнөрү» мастер-классы өттү. Иш-чара Динара Исакованын жетекчилиги астында уюштурулуп, фуд-фотограф Айжан Айнабекова жарык, композиция жана көркөм чечимдердин сырларын бөлүштү. Бул мастер-класс студенттерди чыгармачылыкка шыктандырган өзгөчө окуя болду.

