2022-06-29


КТМнун Евразия Тарых, тил жана археология илим изилдөө институту Нарын облусундагы Эпкин – Баш-Кууганды унаа жолунун курулушуна байланыштуу бузулуу коркунучунда турган тарыхый-маданий мурастарды изилдеп, алардын 3D моделдерин жасап баштады.


КТМнун  Евразия Тарых, тил жана археология илим изилдөө институту Нарын облусундагы Эпкин – Баш-Кууганды унаа жолунун курулушуна байланыштуу бузулуу коркунучунда турган тарыхый-маданий мурастарды изилдеп, алардын 3D моделдерин жасап баштады.

Изилдөөлөр жүрүп жаткан Жумгал районунда XVIII жана XX кылымдын башына таандык күмбөздөр кеңири учурайт. Орто кылым Түрк-ислам архитектурасынын уландысы катары бааланган бул эстеликтер табигый жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турат. Күмбөздөрдү окумуштуулар дүйнөсүнө, жалпы элге таанытуу жана илим үчүн сактап калуу масатында заманбап технологияларды колдонуу менен алардын 3D моделдери жасалып жатат.

Жумгал районунун Куйручук айылынын чыгышында орун алган XIX кылымда жашаган Чыны-бийдин күмбөзү жана анын жанындагы таш эпитафия изилдөөлөрүбүздүн бир объектиси болуп саналат. Аталган күмбөз көлөмү, архитектурасы жана жанындагы эпитафиясы боюнча аймактагы ири жана кызыктуу эстеликтердин бири болуп саналат. Бирок күмбөздүн жанында орнотулган таш эпитафиясы адистердин алдын ала окууларына караганда Чыны-бийге эмес, анын уулу Шакирге таандык болуп саналат. Чыны-бийдин күмбөзү деген ат менен белгилүү бул курулуштун жанында ага тиешелүү эпитафиянын болбошу кызыкты жаратат. Бул жана башка маселелерге изилдөөлөрүбүздүн кийинки этаптарында жооп алабыз деп ишенебиз. Жарыяланып жаткан күмбөздүн жана эпитафиянын 3D моделдери тиешелүү адистердин көнүлүн бурат деген үмүттөбүз.