Мүдүрдөн сөз

Күнүбүзгө чейин табылып, изилденген тарыхый, археологиялык жана эпиграфикалык эстеликтер Теңир-Тоолорунун байыркы мезгилдерде жана орто кылымдарда бир катар белгилүү тарыхый окуялардын аренасы жана гүлдөп өскөн маданияттардын мекени болгондугун көрсөтөт. Чынжыр сымал тизилген кургандарды, аска-таш беттерине чегилген сүрөттөрдү жана жазууларды, шаар жана архитектуралык курулуштардын калдыктарын, таш айкелдерин жана башка тарыхый эстеликтерди Теңир-Тоолорунун бардык өрөөндөрүндө кездештирүүгө болот. Аларды документтештирүү жана изилдөө иштери XIX кылымдын аягында башталып, күнүбүзгө чейин уланып келүүдө. Бирок, учурда тарыхый-археологиялык мурасты изилдөөдө дисциплиналар аралык, жада калса мультидисциплинардык изилдөө ыкмаларын колдонууга толук шарт түзүлүп жатат. Мисалы, тарыхый-археологиялык эстеликтерди табууда жана документтештирүүдө ГМС (географиялык маалымат системасы) технологиялары; эстеликтердин так мезгилин аныктоодо радиоуглероддук анализ; байыркы адамдардын диетасын изилдөөдө изотоп анализдери; генетикалык, ботаникалык, палеозоологиялык жана антропологиялык изилдөөлөр байыркы коомдор тууралуу ар тараптуу жана деталдуу маалыматтарды алууга шарт түзүүдө.

Университетибиздин ректору Проф. Др. Алпаслан Жейландын демилгеси жана колдоосу менен түзүлүп жаткан Евразия тарых, тил жана археология илимий-изилдөө институту ата-бабаларыбыздан калган тарыхый-маданий мурасты дисциплиналар аралык ыкмалар менен изилдөөнү жана аны окумуштуулар дүйнөсүнө, жалпы элге таанытууну көздөйт. Алдыга койгон максаттарыбыз амбициялуу жана жоопкерчиликтүү. Бирок учурдагы илимдин жана техниканын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен алдыга койгон максаттарыбызга жетүүгө болот.

Проф.док. Кубатбек Табалдиев