Археологиялык-этнографиялык музей-лаборатория

2015-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин базасында Археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясы түзүлгөн. Музейдин түзүлүшүнүн максаты – Кыргыз-Түрк Манас университетинде бир канча жылдардан бери чогултулуп келе жаткан археологиялык жана этнографиялык коллекцияларды, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам-жоболорун негизге алуу менен, сактоо, коргоо жана илимий-билим, эл агартуу иш-аракеттеринде колдонуу болуп саналат.

Музейдин коллекциясынын өзөгүн Кыргызстандын ар кайсы аймактарында табылган археологиялык буюмдар түзөт. Алардын бир бөлүгү Кыргыз-Түрк Манас университетинин 2008-жылдан бери Ысык-Көл, Нарын жана Чүй областарында уюштуруп келе жаткан археологиялык казуу жана чалгындоо иштеринин натыйжасында табылган. Бир канча археологиялык буюмдар Кыргыз-Түрк Манас университетинин кызматкерлери, студенттери жана Кыргызстан жараандары тарабынан бузулуп жаткан эстеликтердин аймагынан табылып, музейге өткөрүлгөн. Алардан сырткары археолог профессор Кубатбек Табалдиевдин Кыргыз улуттук университетинде иштеп жаткан учурда уюштурулган археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында табылган табылгалар жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин Кыргыз улуттук университети, Борбордук Азия Америка университети, Мамлекеттик Тарых музейи менен биргелешип уюштурган экспедициялары учурунда табылган буюмдар да убактылуу сакталып турат. Жалпы коллекциянын кичине бөлүгүн этнографиялык материалдар түзөт. Учурда этнографиялык буюмдарды чогултуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Музей коллекцияларынын бир бөлүгү атайын бөлүнгөн сактагыч бөлмөдөгү текчелерде сакталып турат, ал эми башка бир бөлүгү экспозиция залында көргөзүлүп турат. Коллекциялар Таш доорунан баштап XX-кылымга чейинки мезгилдерге таандык жана таш, чопо, металл, сөөк, мүйүз, жыгач сыяктуу материалдардан жасалган буюмдардан турат. Буюмдар күнүмдүк турмушта жана диний ырым-жырымдарда колдонулган. Ошондуктан алар Кыргызстандын байыркы тургундарынын, анын ичинде Орто кылым Түрк тектүү урууларынын, материалдык жана руханий маданияты боюнча маанилүү булак болуп саналат. Көргөзмөдө буюмдар хронологиялык тартипте коюлуп, Кыргызстандын орто палеолит доорунан баштап азыркы мезгилге чейинки маданий өнүгүүсүнүн жана тарыхынын урунттуу учурларын чагылдырып турат.

Музей университетибиздин Тарых бөлүмүнүн жана Археология, Социалдык Антропология магистрдик программасынын студенттеринин сабактарда алган теориялык билимин иш жүзүндө бекемдөөгө шарт түзөт. Студенттер музейде табылгаларды, экспонаттарды документтештирүү (фото жана графикалык сүрөттөрүн тартуу, сүрөттөө, паспортун түзүү, инвентардык китепке каттоо ж.б.), буюмдардын алгачкы консервациясын жана реставрациясын кылуу, экспозиция жана көргөзмөлөрдү уюштуруу жана ал көргөзмөлөрдө экскурсия өтүү сыяктуу иш-аракеттерге катыша алышат. Туризм жана журналистика факультеттеринин студенттери үчүн да музей – практика өтө турчуу аянт катары колдонулушу мүмкүн. Андан сырткары химия адистиги боюнча окуп жаткан студенттердин арасынан музейдеги экспонаттардын консервациясын жасоо үчүн атайын адис даярдоого болот.