МАКСАТЫ:

Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү багытындагы практикалык ишмердүүлүгүндө натыйжаларга жетүүнү көздөгөн студенттердин инсандык сапаттарын өнүктүрүү жана кесиптик көндүмдөргө ээ болгон, агрономиянын заманбап жетишкендиктерин колдонуп жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын өндүрүү жаатында ар тараптуу кесиптик иш-аракеттерди жүргүзө алган адистерди даярдоо.

ПРОГРАММАНЫН МААЛЫМАТТАРЫ:

Магистрдик программа Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү тармагында компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. Кабыл алынган студенттерге айыл чарба багытынын ар кандай тармактарынын биринде адис болууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа, Багбанчылык, Талаа өсүмдүктөрү,  Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү, Өсүмдүктөрдү коргоо, Топурак таануу, Жерге жайгаштыруу жана сугаруу, Айыл чарба экономикасы, Ландшафт архитектурасы жана Биология адистиги боюнча «бакалавр» квалификациясына ээ болгон, Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү тармагын өнүктүргүсү жана келечекти курууга салым кошкусу келген адистердин бири болууну каалаган студенттер үчүн магистратурада окуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.

  1. Магистрдик программаны ишке ашырууда үч (4) окуу кабинет, эки (2) семинардык кабинет жана беш (5) илимий лаборатория (Мөмө жемиш өсүмдүктөрү, Талаа өсүмдүктөрү, Биотехнология, Агрохимия жана Үрөөнчүлүк) бар. 3 Муздатуучу кампа, ошондой эле мөмө-жемиш, жашылча, талаа өсүмдүктөрүн өстүргөн жана күнөскана жайгашкан 2,5 гектарлык илимий–парктикалык тажрыйба талаасы бар. Тармактык жана илимий китептерге, мезгилдүү басылмалардын маалымат базаларына, электрондук ресурстарга байланышууну камсыз кылган интернет инфраструктурасы бар жана окуу бөлмөлөрү менен бирге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүчү борбордук китепкана бар.
  2. Магистрдик квалификациясына ээ болууда толук күн иштеген үч (3) профессор, бир (1) доцент, ошентип жалпы 4 окутуучу тарабынан билим берилет. Бөлүмдүн бардык профессордук-окутуучулук курамы, чет мамлекеттердеги өз тармагынын адистери менен биргелешип илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүшөт жана эл аралык илимий иш-чараларга катышат. Бөлүмүбүздө Турциянын кадыр-барктуу университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалган Мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү багытынын ар кандай дисциплиналары боюнча адистик алган төрт (4) профессордук-окутуучулук курамы кызмат кылат. Зарыл болгон учурларда магистрдик сабактарды берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын ЖОЖларында эмгектенген белгилүү профессордук-окутуучулук курамы да чакырылат.
  3. Erasmus, Мевлана жана Орхун сыяктуу студент алмашуу программаларынын алкагында, Турциядан башталып, чет өлкөдөгү көптөгөн престиждүү университеттерде бекер билим алуу жана изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.
  4. Магистрдик программа илимий жетишкендиктерге жана инновацияларга ылайык үзгүлтүксүз жаңыланып турат.
  5. Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн магистратурасынын илимий изилдөө багыттарынын айрымдары төмөнкүлөр:

 

Мөмө өстүрүүчүлүк жана селекция; жашылча өстүрүүчүлүк жана селекция; жүзүм өстүрүүчүлүк жана селекция; коздоочу өсүмдүктөрдү өстүрүүчүлүк жана селекция; продукцияны сактоо; кебез; желүүчү дан чанактуу культуралар; техникалык өсүмдүктөр; жайыт өсүмдүктөрү; тоют өсүмдүктөр.