МАКСАТЫ:

Өсүмдүктөрдү коргоо багытынын магистердик программасынын максаты; Өсүмдүктү коргоо багытында агрономиянын заманбап жетишкендиктерин колдонуп, студенттердин инсандык сапаттарын жогорулатуу аркылуу практикалык колдонууда натыйжаларга жетүүнү көздөгөн жана адистик көндүмдөргө ээ болгон, жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын өндүрүү жаатында ар тараптуу кесиптик иш-аракеттерди жүргүзө алган адистерди даярдоо.

 

ПРОГРАММАНЫН МААЛЫМАТТАРЫ:

    1. Магистрдик программа өсүмдүктөрдү коргоо тармагында компетенттүү жана ийгиликтүү адистерди даярдайт. Кабыл алынган студенттерге айыл чарба багытынын ар кандай тармактарынын биринде адис болууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа, Өсүмдүк коргоо, Агрономия жана Биология боюнча «бакалавр» квалификациясына ээ болгон, өсүмдүк коргоо багытында илимди өнүктүргүсү жана келечекти курууга салым кошкусу келген адистердин бири болууну каалаган студенттер үчүн магистратурада окуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.

    2. Магистрдик программаны ишке ашырууда төрт (4) окуу аудитория, эки (2) семинардык аудитория жана алты (6) илимий лаборатория (Энтомология, Фитопатология, биотехнология жана Молекулярдык биология, Өсүмдүктөр клиникасы, Нематология жана Гербология) бар. Тармактык жана илимий китептерге, мезгилдүү басылмалардын маалымат базаларына, электрондук ресурстарга байланышууну камсыз кылган интернет инфраструктурасы жана окуу бөлмөлөрү менен бирге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүчү борбордук китепканасы бар.

    3. Магистрдик квалификацияга ээ болууда үч (3) профессор, бир (1) доцент, эки (2) илимдин кандидаты, ага окутуучу, бир (1) доктор илимий кызматкер жана бир (1) илимий кызматкер, жалпы толук күн иштеген 8 окутуучу тарабынан билим берилет. Бөлүмдүн бардык профессордук-окутуучулук курамы, чет мамлекеттердеги өз тармагынын адистери менен биргелешип илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт жана эл аралык илимий иш-чараларга катышат. Бөлүмүбүздө Турциянын кадыр-барктуу университеттеринен беш жылдык мөөнөткө дайындалган өсүмдүктөрдү коргоонун ар кандай дисциплиналары боюнча адистик алган үч (3) профессордук-окутуучулук курамы кызмат кылат. Зарыл болгон учурларда магистрдик сабактарды берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын ЖОЖларында эмгектенген белгилүү профессордук-окутуучулук курамы да чакырылат.

    4. Эрасмус, Мевлана жана Орхун сыяктуу студент алмашуу программаларынын алкагында, Турция баш болгон, чет өлкөдөгү көптөгөн престиждүү университеттерде бекер билим алуу жана илимий изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.

5. Магистрдик программа илимий жетишкендиктерге жана инновацияларга ылайык үзгүлтүксүз жаңыланып турат.

    6. Өсүмдүктөрдү коргоо багытынын илимий изилдөө тармактарынын айрымдары төмөнкүлөр:

 

Энтомология; нематология; акарология; микология; бактериология; вирусология; гербология; пестициддер; өсүмдүктөрдү коргоодогу биотехнология.