МАКСАТЫ: 

“Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу” багытынын “Тамак-аш инженерлиги” профили боюнча магистрлерди даярдоонун максаты: тамак-аш азыктарын өндүрүү багыты боюнча билим берүүгө, илим изилдөөгө, тамак-аш азыктарын өндүрүүнү  уюштурууга жана башкарууга, тамак-аш технологиясына инновациялык системаларды киргизүүгө жөндөмдүү, эмгек рыногунда функционалдык туруктуу, социалдык мобилдүү, универсалдуу жана кесиптик компетенцияларга ээ болгон адистерди даярдоо.

ПРОГРАММА ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР:

Магистратура программасы тамак-аш инженерлиги жана тамак-аш технологиясы боюнча бакалавр даражасы бар студенттер үчүн магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле тамак-аш илимдери боюнча ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет;

Магистратура программасында 1 профессор, 1 доцент, 2 доценттин м.а. жана 2 илимий даражалуу ага окуттуучу сабак беришет, сабактарды өткөрүүгө 2 илимий даражалуу илимий кызматкерлер жардам беришет, мындан тышкары кээ бир сабактарды Ветеринария факультетинин окутуучулары беришет; 

Тамак-аш инженерлиги илим багыты боюнча семинар өткөрүү кабинети, лекция өтүүчү аудиториялар жетиштүү, библиотекаларда жана анын окуу залдарында тамак-аш илими боюнча илимий жана окуу китептер, илимий журналдар, электрондук булактардан маалымат алуу үчүн 24 саат интернет байланышы бар. Тамак-аш инженерлиги бөлүмүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн төмөнкү ларбораториялар бар: Борбордук илим изилдөө лабораториясы. Бул лабораторияда Жогорку эффективдүү суюктук хроматограф HPLC S 1200 Series (Agilent Technology), Газ хроматографы (Agilent Technology), Флуориметр FluoroMax-4, Реометр MCR 302 (Anton Paar, Австрия), Сублиматор (Kambic) илимий приборлору жана аппараттары бар;

Тамак-аш азыктарын анализдөө жана физикалык касиеттерин аныктоочу лаборатория. Мында, тамак азыктарынын нымдуулугун, кислоттуулугун, рН чөйрөсүн, белокторду, майларды, углеводдорду, тамак-аш булаларын, этил спиртин, С витаминин ж. б. изилдөөчү приборлор менен жабдылган. Мындан тышкары чийки жана даяр азыктардын көлөмүн, тыгыздыгын, катуулугун, илешкектигин, суу активдүүлүгүн, түсүн жана салыштырма нымдуулугун сыяктуу физикалык касиеттерин аныктоо үчүн керек болгон приборлор менен жабдылган;

Тамак-аш микробиологиясы лабораториясы. Бул лаборатория тамак-аш азыктарын бузган патогендик микроорганизмдерди, санитардык-көзөмөл контролдоо, анализдөө, жана ферменттөө менен алынган азыктарды өндүрүүдө колдонулган микроорганизмдерди изилдөө үчүн куралдар, прибор жана аппараттар менен жабдылган;

Тамак-аш технологиясы жана процесстеринин  негиздери лабораториясы. Жылуулук өткөрүмдүүлүк, түтүктөгү түтүк жылуулук алмаштыргыч, газдардагы жана суюктуктардагы диффузия коэффициентинин аныкталышы, суюктуктардын касиеттери, басым өлчөөлөрү жана статикалык басымдын таасирин өлчөөчү, пастерлөө, фильтрлөө, кургатуу кинетикасы, катуу заттардан эксракциялоо, процесстерди башкаруу жана контролдоо, каталиттик жана ферменттик реактор жабдыктарыны ичине камтыйт.

Чет өлкөлүк абройлуу университеттер менен студент алмашуу программалары жана кош диплом берүү келишимдери бар. Мындан тышкары Эразмус, Мевлана жана Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары менен өзгөчө Түркияда ж.б. көптөгөн өлкөлөрдүн университеттеринде бекер окуу мүмкүнчүлүгү бар;

Магистрдик программа тамак-аш илиминин жетишкендиктерине жана инновацияларына ылайык дайыма жаңыланып турат;

Магистрлер тамак-аш инженерлиги илими боюнча төмөнкү багыттарда илим изилдөө иштерин жүргүзө алышат: тамак-аш чийки заттарынын, чала даярдамаларынын жана даяр азыктарынын химиялык курамын жана физикалык касиеттерин изилдөө; функционалдык жана дарылоо-профилактикалык тамак-аш азыктарын ойлоп табуу жана аларды даярдоо технологиясын, химиялык курамын изилдөө; ачытуу жолу менен даярдалуучу азыктардын (кымыз, бозо, максым) ачытуу кинетикасын изилдөө жана ачытуучу микроорганизмдерди идентификациялоо; улуттук (кыргыз, түрк) азыктарды даярдоо технологиясын изилдөө жана алардын химиялык курамын аныктоо; салттуу эмес чийки заттардан (жапайы мөмө жана жер жемиштери, топоз эти жана сүтү) жаңы азыктарды ойлоп табуу, алардын технологиясын жана химиялык курамын изилдөө; тамак-аш чийки заттарынын курамын экологиялык жана жаратылыштык климаттык шарттарга жараша изилдөө; тамак-аш өндүрүшүнүн таштандыларын кайра иштетип жаңы азыктарды алуу жана алардын химиялык курамын жана физикалык касиеттерин изилдөө ж.б.