БИЛИМ БАГЫТЫ:  520200-«БИОЛОГИЯ»

ДОКТОРАНТУРА (PhD) ПРОГРАММАСЫ

МИССИЯСЫ

Инновацияларды кабыл алууга жөндөмдүү, активдүү, маалыматтар менен иштей алган, этиканы жана кесиптик баалуулуктарды жогору койгон, заманга ылайык окутуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана теориялык терең билим менен универсалдуу билгичтиктерге  жана технологияга ээ болгон, кесиптик жактан жетишкен  изилдөөчүлөрдү өстүрүү үчүн, күчтүү академиялык базаны түзүү.

 

МАКСАТЫ

Докторантура пограммасынын максаты: көз карандысыз илимий көйгөйлөргө кеңири жана терең изилдөөлөрдү, байкоолорду жүргүзүү менен өз пикирин айтып анализдей алган, биологияга тиешелүү жаңы пикирлерди жана методдорду өнүктүрүү жөндөмүнө ээ болгон, өз багытында адистешкен, жергиликтүү жана эл аралык илимий публикацияларды окуп, кабардар болуп турган, этика жана кесиптик баалуулуктарды жогору койгон, дүйнөдөгү бул багыттагы кызыкдар болгон кесиптештери менен эл аралык тилди колдоно алган, мамлекетибиздин илимий сапатын жогорулатуу жана башка мамлекеттер менен болгон атаандашуусунда изилдөө потенциялына өз салымын кошкон, биология жана интеграциялык изилдөөлөрдү жогорку деңгээлде аткарган, бул оригиналдуу изилдөөлөрүнүн натыйжалары алдыңкы журналдардан жарык көргөн, илимий булактарга салым кошо алган изилдөөчүлөрдү өстүрүү жана буга керектүү болгон академиялык маалыматтарды жана жөндөмдөрдү калыптандыруу.

 

ПРОГРАММАНЫН МААЛЫМАТТАРЫ

  1. Докторанутра программасы, биология илиминин бардык багыттарында мыкты жана ийгиликтүү изилдөөчүлөрдү жетиштирет. Кабыл алынган студенттердин биология илимине тиешелүү ар түрдүү темаларынан адис болуп жетилүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Программа биология багытында илимдин жана келечектин калыптануусуна салым кошкон изилдөөчүлөрдүн бири болууну каалаган биология, биологияны окутуу, биохимия, биотехнология, зоология жана систематика багыттарында магистратура же болбосо жогорку адистик даражасын алган студенттер үчүн докторантурага окуу мүмкүнчүлүгүн берет.
  2. Докторантура прогрммасынын ишке ашышында алты (6) лекциялык, эки (2) семинар аудиториялары, изилдөө жана компьютердик лабораториялары бар. Сабак илимий китептер, мезгилдүү басылмалардын маалымат базасы, электрондук булактарга кирүүнү камсыздаган интернет жана даярдануу окуу залдары менен токтоосуз кызмат кылган борбордук китепканасы бар.
  3. Докторантура прогрммасынын академиялык курамын биология бөлүмүнүн окутуучулары, өзүлөрүнүн багытында адис болгон жети (7) окутуучу тарабынан билим берилет: толук кандуу эки (2) илимдин профессору, PhD; төрт (4) доцент, илимдин кандидаттары, бир (1) доценттин кызматын аткаруучу, PhD. Кээ бир окутуучулар докторантурасын чет мамлекеттен жасаган. Бардык окутуучулар чет өлкөлүк илим изилдөөчүлөр менен биргелиикте өзүнүн багыты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, илимий иш-чараларга катышууда. Үч (3) окутуучу Түркиянын алдыңкы университеттеринен бөлүмүбүзгө эң кеминде 3-5 жылдык келишим менен келген, өзүнүн багытында адистешкен илимий кызматкерлер болуп саналат. Бөлүмдө жыл сайын Түркиядан кеминде үч (3) излдөөчү кызмат өтөөдө.
  4. Докторантура программасы илимий өнүгүүлөргө жана жаңылыктарга жараша башка илимий ачылыштар да эске алынып, дайыма жаңыланып турат.
  5. Биология бөлүмүнүн докторантура программасындагы изилдөө багыттары төмөндөгүлөр:

 

  • Ботаника
  • Клеткалык биология, гистология, морфология
  • Биотехнология
  • Зоология
  • Биохимия
  • Генетика
  • Гидробиология
  • Молекулярдык биология