Мүдүрдөн сөз

Урматтуу илимпоздукка бет алган талапкерлер,

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коомдук илимдер институту түзүлгөндөн бери илим жана бизнес дүйнөсүнө, өзгөчө Түрк дүйнөсүнө зор салымын кошкон жүздөгөн илимпоз адистерди жана илимдин докторлорун даярдады.

 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коомдук илимдер институту дүйнөлүк баалуулуктарга ээ, жогорку сапаттагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн, эл аралык деңгээлде билим берген жана тынымсыз өнүгүү жана изденүүнүн үстүндө келе жаткан институт катары аймактагы, өзгөчө  Кыргызстандагы ЖОЖдон кийинки билим берүү программасын ишке ашырган мыкты  институттардын бири болуп саналат.

 

Коомдук илимдер институтунда учурда 17 магистратура жана 8 докторантура программасы боюнча билим берилип, дипломдорубуз Түркияда, Кыргызстанда жана Европа өлкөлөрүндө жарактуу аккредитацияга ээ болгон.

 

Коомдук илимдер институтунда билим алган студенттерге үч түрдүү стипендия: магистратура жана докторантурага өткөн студенттерге берилүүчү стипендия,  академиялык жетишкендиги боюнча берилүүчү стипендия жана жѳлѳк стипендия түрүндө колдоо көрсөтүлүп келет. Мындан тышкары, институт тарабынан студенттерге чет тилин окутууга өзгөчө маани берилип, чет тилди өнүктүрүүгө көмөктөшкөн эл аралык программалардан пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

 

Урматтуу болочок илимпоздор, сиздерди татыктуу билим алуу үчүн институтубузда күтөбүз.

 

Институттун директору

 

PhD. Профессор
Кадир Ардыч