«Археология жана Социалдык Антропология» магистрдик программасы

«Археология жана социалдык антропология» багыты боюнча магистрдик программанын максаты – Кыргызстан жана жалпы эле Түрк тилдүү элдеринин бай тарыхый-маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана азыркы мезгилде болуп жаткан этникалык, социо-маданий процесстерди илимий жактан талдоо иштерине салым кошуу максатында, бул багыттар боюнча Кыргызстан, Түркия жана башка коңшу, боордош мамлекеттер үчүн жогорку даражадагы адистерди даярдоо болуп саналат.

Археология жана социалдык антропология программасын ишке ашыруу үчүн Тарых бөлүмүндө квалификациялары жогорку тиешелүү адистер бар. Бөлүмдө 5 профессор, 4 доцент, 3 жардамчы доценттен жана 2 илимдин кандидаттарынан турган 14 окутуучу эмгектенет.

Окуу программасы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2013-жылдын 12-декабрындагы № 753/1 номерлүү документинде каралган талаптардын негизинде түзүлгөн. Окуу программасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүгө “магистр” академиялык даражасы ыйгарылат. Аталган талаптарга ылайык магистратура программабыздын студенти жалпы илимий циклдин алкагында «Информатика»,  «Кесиптик чет тил», «Илим философиясы» сабактарын; кесиптик цикл алкагында «Археология жана социалдык антропологиянын изилдөө методдору», «Археология жана социалдык антропологиянын актуалдуу маселелери», «Заманбап археологиялык жана антропологиялык изилдөөлөрдө дисциплиналар аралык байланыштар», «Археологиялык жана этнографиялык экспонаттар менен иштөө ыкмалары» сабактарын милдеттүү түрдө алат. Булардан тышкары окуу программасынын вариативдик бөлүгүнүн алкагында өзү каалаган тандама сабактарды ала алат.

Магистрант Кыргыз Улуттук Илимдер академиясында, Мамлекеттик архив жана музей сыяктуу мекемелерде, Кыргыз-Түрк Манас университети тарабынан уюштурулган археологиялык-этнографиялык экспедицияларда жана универсиететтин Археологиялык-этнографиялык музей-лабораториясында практикадан өтүшөт.

Магистрдик программанын максаттары:

- Археология жана социалдык антропология илимдеринин адам коомдорунун тарыхын, маданиятын, бири-бирлери менен болгон мамилелерин жана алардын социалдык, маданий абалдарын изилдөөдөгү ролун түшүнгөн жана түшүндүрө билген;

- Археология жана социалдык антропология илимдеринин изилдөө методдорун өздөштүргөн жана аларды жеке изилдөө иштеринде колдоно билген;

- Археологиялык чалгындоо жана казуу иштерин жүргүзө билген жана бул иштердин негизинде отчет, эксперттик бүтүм, макала жаза билген;

- Евразия континентиндеги, анын ичинде өзгөчө Борбордук Азия чөлкөмүндөгү негизги археологиялык маданияттарды жана алардын келип чыгышы, өзгөчөлүктөрү, тарыхый өнүгүүсү жана дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымдарын билген;

- Борбордук Азия чөлкөмүндөгү байыркы, орто кылымдар, этнографиялык мезгилдеги жана учурдагы негизги этно-маданий, конфессиялык процесстерди эксперттик деңгээлде билген жана бул маселелер боюнча анализ жүргүзө алган;

- Археология жана социалдык антропология илимдериндеги дисциплиналар аралык изилдөө ыкмаларын билген жана табигый-так илимдеринин анализдеринин жыйынтыктарын археологиялык жана социалдык антропологиялык изилдөөлөрдө колдоно билген;

- Археология жана социалдык антропология илимдериндеги дүйнөлүк жана регионалдык масштабдагы актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү билген;

- Орто, профессионалдык жана жогорку билим мекемелеринде археология жана социалдык антропология предметтери боюнча сабак бере алган;

- Тарыхый багыттагы музейлерде коллекцияларды документештирүү, сактоо, алдын-ала консервация кыла алган, көргөзмө уюштура алган;

- Тарыхый-маданий мурастарды коргоо, колдонуу жана популяризациялаштыруу иштерин жүргүзө алган;

- Тарыхый мурас, маданият, маданий туризм, этностор жана конфессиялар аралык процесстер боюнча мамлекеттик саясатты жана иштерди пландоого жана ишке ашырууга катыша алган;

- Тарыхый, маданий жана социалдык процесстердеги негизги кыймылдаткыч күчтөрдү жана закон ченемдүүлүктөрдү түшүнө алган;

- Кыргыздардын, Кыргызстан элдеринин жана башка коңшу калктардын тарыхый-маданий баалуулуктарын билген жана аларга сый-урмат, толеранттуулук менен мамиле кылган адистерди даярдап чыгаруу.