Максат

Педагогика бөлүмүнүн магистратура программасынын максаты – тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө заманбап билимге, билгичтикке, көндүмгө, жөндөмгө жана аттитюдга ээ болгон, кесиптик этиканын эрежелерин билген жана аларга баш ийген, өзүнүн кесиптик тармагындагы жаңылыктарга жана өнүгүүлөргө тынымсыз көз салган, статистикалык жана илимий изилдөө ыкмаларын илимий изилдөө деңгээлинде билген жана тынымсыз өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулган, жарандык аң-сезимдүү, баарлашууга ачык, сабырдуу педагогдорду даярдоо.

Программа маалыматы

  1. Педагогика багытындагы магистратура программасы педагогика илимдеринин ар кандай тармактарында компетенттүү илим изилдөөчүлөрүн даярдайт. Кабыл алынган студенттер педагогиканын бир нече багыттарынын бири боюнча адистешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Программа педагогика тармагындагы программаларды аяктаган жана педагогикалык дисциплиналарды өздөштүргөн, бакалавр даражасына ээ студенттер үчүн магистратурада билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
  2. Педагогика магистратура программасын аткарууда беш (5) дарскана, үч (3) семинар залы, эки (2) лекция залы, компьютердик жана колдонмо лабораториялары, окуу жана илимий китептер, мезгилдүү басылмалардын маалымат базалары, электрондук ресурстарга жетүүнү камсыз кылган интернет инфраструктурасы, окуу бөлмөлөрү жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүчү борбордук китепкана бар.
  3. Педагогика магистратура программасынын сабактары учурда өз тармагынын адиси болгон беш (5) окутуучу, анын ичинде эки (2) штаттык профессор, эки (2) доцент жана бир (1) ага окутуучу доктор тарабынан окутулат. Алардын бардыгы (5) педагогика бөлүмүнүн туруктуу профессордук-окутуучулук курамы. Бул окутуучулардын айрымдары докторлук даражасын чет өлкөлөрдө бүтүргөн. Бөлүмдүн окутуучулар курамынын бардык мүчөлөрү чет мамлекеттердеги илимий кызматкерлер менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий иш-чараларга катышып келишет. Эки (2) окутуучу Түркиянын престиждүү университеттеринен биздин бөлүмгө кеминде беш (5) жылдык мөөнөткө дайындалган, педагогика илимдеринин ар кандай тармактарында адистешкен илимпоздор. Жыл сайын биздин бөлүмдө Түркиядан эң аз үч (3) окумуштуу иштейт.
  4. Чет өлкөдөгү абройлуу университеттер менен алмашуу программалары жана кош дипломдук келишимдери бар. Мындан тышкары Эразмус, Мевлана, Орхун сыяктуу студент алмашуу программалары окуучуларга Түркия баш болгон бир топ өлкөнүн университеттеринде бекер билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп келет.
  5. Педагогика багытындагы магистратура программасы кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу менен илимий ачылыштарга  жана инновацияларга ылайык дайыма жаңыланып турат.
  6. Педагогика багытындагы магистратура программасынын илимий иш багыттарынын айрымдары:
  • Окутуу программалары жана нускама,
  • Билим берүүнү башкаруу жана көзөмөлдөө,
  • Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк,
  • Билим берүүнүн тарыхы жана социалдык негиздери,
  • Билим берүүдөгү өлчөө жана баалоо,
  • Билим берүү философиясы

ОКУУ НАТЫЙЖАЛАРЫ

УНИВЕРСАЛДЫК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

Илимий, инструменталдык, коомдук, жеке жана жалпы маданий

  1. Жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарын сактоого, коомдо адилеттүүлүктү, дүйнө таанымды камсыз кылууга жана дисциплиналар аралык жана инновациялык мамилелердин негизинде маанилүү коомдук жана жеке көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган стратегиялык маселелерди талдай алат жана чече алат.
  2. Тармагына тиешелүү илимий-техникалык жаңылыктарды тынымсыз көзөмөлдөйт жана керектүү илимий-техникалык жаңылыктарды колдоно алат.
  3. Өз тармагында чектелген же толук эмес маалыматты колдонуп, илимий, социалдык жана этикалык жоопкерчилик менен билимди илимий ыкмалар аркылуу өнүктүрө алат.
  4. Тармагы боюнча керектүү компьютердик жана программалык билимин колдонуу менен маалымат жана коммуникация технологияларын колдоно алат жана керектүү материалдарды түзө алат.
  5. Эл аралык илимий симпозиумдарда жана конгресстерде өз изилдөөлөрүн сунуштай алат, илимий макалаларды даярдап, жарыялай алат.
  6. Коюлган максаттарга жетүү үчүн адистердин, адистик топтордун жана уюмдардын ишин уюштура алат.

АДИСТИК КОМПЕТЕНЦИЯЛАР

Кесиптик, педагогикалык, башкаруу, илимий изилдөө, долбоордук ишмердүүлүк тармактары

  1. Билим берүү мекемелеринин ар кандай деңгээлдеринде окутуу пландарын жана программаларын (сабак планы, окуу планы, окутуу программасы ж.б.) иштеп чыга алат;
  2. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды долбоорлоодо жаңы шарттарды, инновацияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгып, колдоно алат.
  3. Окуучулардын жаш жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен окуу жайлардын ар кандай деңгээлдеринде окуу процессин уюштуруунун заманбап ыкмаларын жана технологияларын колдоно алат.
  4. Билим берүүнү башкаруу, көзөмөлдөө, билим берүү долбоорлорун экономикалык талдоо боюнча негизги билимдерге жана компетенцияларга ээ;
  5. Окуу натыйжаларын, окуучунун билимин өлчөө жана баалоо боюнча негизги билимдерге жана компетенцияларга ээ;
  6. Кесиптик жана жеке өз алдынча билим алуу, андан ары билим берүү траекториясын долбоорлой алат;
  7. Ар кандай топтор (коомчулуктар, ата-энелер, өнөктөштөр) менен баарлашуу, ЖМК жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен иштей алат;
  8. Изилдөө иштеринде маалыматтык жана инновациялык технологияларды жана илимий методдорду колдоно алат.
  9. Заманбап билим берүү системасын өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу көйгөйлөрдү аныктап, жалпы жыйынтыктарды талдай алат.
  10. Изилдөөнүн анализин жана натыйжаларын окутуунун жоболоруна интеграциялай алат;
  11. Өзүнүн илимий жетишкендиктерин илимий чөйрөгө доклад, илимий макала, мультимедиялык презентация түрүндө суна алат.
  12. Үзгүлтүксүз турдө өз алдынча, билимин жана кесиптик педагогикалык компетенттүүлүгүн өнүктүрүү боюнча тажрыйбага ээ болот.